• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков штабга кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн талдоону күчөтүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жыйын видеоконференция форматында өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү татаал кырдаалды баштан өткөрүп жаткандыгын жана ар бир өлкө бул илдет менен өзүнүн каржы жана саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөшүп жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды.

Президент калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.

Акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында паникага жол берилгендиги үчүн Өкмөттү сындады.

«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине да токтолду.

«Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда кимдир бирөөнү аяй турган мезгил эмес. Медиктерге тамак-аш, медициналык жабдуулар, тез жардам машинасын сатып берем деген мекендештерибиз кайрылууда. Республикалык штаб ошол ыктыярчыларыбыздын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай кабыл алып, кайра элге ыкчам жеткирүү керек. Биздин элде алам дегенден берем дегендер көп экени кубандырат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент күзгү-кышкы мезгилге, сезондук илдеттерге, жер-жерлердеги ооруканаларды жабдууга өз маалында даярдыктарды көрүүгө көңүл бурду.

Жалпы саламаттыкты сактоонун санарип системасы маселелерине токтолуп, азыркыдай шартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен биргеликте уюлдук операторлордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бейтаптарды ыкчам жаткыруу, бардык колл-борборлордун ишмердигин синхрондоштуруу үчүн Бишкектеги ооруканалардын санарип карталарын ыкчамдатууга чакырды.

Мамлекет башчысы Республикалык штабды дары-дармектердин рыногунда, бет кап жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала электигин баса белгилеп, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.

«Илдет менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчиликтин деңгээли зор мааниге ээ. Биз кырдаалдын оор экенин ачык айтып жатабыз. Ар бир муунга ар кандай сыноолор туш келет экен. Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз Улуу Ата мекендик согуштун азабын тартып, башын канжыгага байлап, бизге тынч, ачык асманды камсыздап берди. Бүгүн биз ушул илдет менен күрөшүп жатабыз. Жеңиштин эрте-кечи ар бир жарандын өз милдетин так аткаруудан көз каранды. Ал милдеттер өтө жөнөкөй: адистер айткан эрежелерди жана тартипти сактоо, жакыныңа жардам берүү», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий