• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Штайнмайерди жана Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Федералдык Канцлери Ангела Меркелди Германиянын улуттук майрамы — Биримдик күнү менен куттуктады.

«Эки өлкөнүн ортосунда ийгиликтүү саясий диалог жана кызматташуунун ар кандай деңгээлиндеги ишенимдүү байланыштар түзүлгөнүн канааттануу менен белгилейм. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери мындан ары дагы өнүгө берээрине ишенем. Сиздер менен болгон жолугушууларга жана Берлинде болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына абдан кубанычтамын. Ортодо жетишилген макулдашуулар эки элдин келечеги үчүн ишке ашырылат деп терең ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Ангела Меркелди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, аларга бекем ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия элине бакубатчылыкты жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий