• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Швейцария рыногуна экологиялык таза азыктарды жеткирүүгө даярбыз

Саясат 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Биз Швейцария рыногуна экологиялык таза жашылча-жемиштерди, жаңгакты, балды, төө буурчакты жеткирүүгө даярбыз. Ошондуктан бул багытта кызматташуу эки тарап үчүн өз ара пайдалуу болот деп эсептейм, - деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында Швейцария Конфедерациясынын президенти Ули Маурер менен болгон жолугушууда.

Президенттин айтуусунда, тигүү тармагы жана айыл чарбасы сыяктуу секторлордо Кыргызстандын экспорттук жакшы дарамети бар.

"Азыр дүйнө жүзүндө керектөөчүлөрдүн таза жана сапаттуу тамак-ашка талабы өсүп баратканы белгилүү", - деди мамлекет башчысы.

Мамлекеттер башчылары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты.

"Биз кыргыз тарап менен биргелешкен кызматташтык документтерине кол койгубуз жана сиздер үчүн олуттуу болгон эң артыкчылыктуу багыттарды уккубуз келет", — деп баса белгиледи Ули Маурер.

Сооронбай Жээнбеков азыр Швейцария Кыргызстанда саламаттык сактоо, экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, энергетика, суу ресурстары жана климат чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү эң олуттуу багыттар экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий