• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков Швейцария УБнын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда Кыргызстанга улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган өлкөнүн Улуттук банкы тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу үчүн келген Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы эл аралык конференциянын катышуучуларынын жогорку деңгээлин белгилеп, ал жемиштүү болооруна ишенимин билдирди.

“Биз Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыкты жогору баалайбыз. 25 жылдан ашуун өлкөнүн Улуттук банкына жана банк системасына көрсөтүлүп жаткан консультациялык, техникалык жана каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жардам абдан натыйжалуу”, - деп белгиледи Президент жана Томас Йордандын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын да белгилеп өттү.

Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан Швейцария Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгы менен куттуктап, анын Борбор Азия аймагындагы эң туруктуу валюта экендигин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Европалык өнөктөштөрдүн көрсөтүп жактан колдоосу абдан маанилүү экенин белгилеп, эң жогорку деңгээлдеги дагы, мамлекеттик органдардын деңгээлинде дагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишенимин билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероника Ульман катышты.

Пикир

Оставить комментарий