• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Си Цзиньпинди КЭР түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1- октябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭР түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиз жетектеген Кытай элине Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоолорду жана чын ниет каалоолорду жолдоо мага абдан чоң канааттануу алып келет.

Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап өткөн жылдар ичинде Сиздин өлкөдө кытай элинин турмушун жакшыртууга, ал эми мамлекетке дүйнөдөгү эң ири жана алдыңкы экономиканы түзүүгө мүмкүнчүлүк берген чындыгында улуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Өлкөнүн жетишкен жогорку жетишкендиктеринде Сиздин жеке эмгегиңиз баа жеткис.

Кыргызстанда дос элдин ийгиликтерин кубануу менен кабыл алышат жана Кытайдын мындан ары дагы гүлдөп өсүшүнө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда байланыштардын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүнө үмүттөнүшөт.

Сиздин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визитиңизди жана ШКУ Саммитине катышууңузду өзгөчө жылуулук менен эстейм. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, кеңири түшүнүшүүгө жетишип, кыргыз-кытай достук кызматташтыгы үчүн жаркын келечекке биргеликте ниет койдук деген Сиздин пикириңизди толугу менен колдойм.

Өз кезегимде ынак коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мындан ары дагы Сиз менен биргеликте бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенимди ырастайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакты-таалай жана дос кытай элинин бакубатчылыгы, тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий