• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 71 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Быйыл глобалдык COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк экономикага олуттуу зыянын тийгизди. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кытай коронавирус пандемиясына каршы күрөштө чындыгында эле таасирдүү жана натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөттү. Кытайдын ийгиликтүү тажрыйбасы коронавирус инфекциясынын калк арасында жайылышын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча бүткүл дүйнө жүзүнө үлгү болду», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков COVID-19 пандемиясын жеңип чыгышы менен Кыргызстан жана Кытай эки тараптуу мамилелерди мындан ары да жигердүү өнүктүрүү үчүн соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу тез арада жандандырылат деген ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү жолунда кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргеликте бардык күч-аракеттерди көрүүгө даяр экендигин ырастады жана ошондой эле Си Цзиньпинге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик жооптуу ишинде ийгилик, ал эми достук мамиледеги Кытай элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүнүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий