• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Си Цзиньпиндин китеби - окурмандар үчүн Кытайдын саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө

Президент 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачарына катышты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу элчи айым!

Урматтуу Роза Исаковна!

Бир жумадан кийин Кыргызстандын жакын досу, кыргыз коому тереӊ урматтаган дүйнөлүк лидерлердин бири - Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын биздин өлкөгө мамлекеттик сапары болот.

Бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаӊы тарыхый барагын ачат.

Өз ара алакабыз жогорку сапатуу деӊгээлге көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүктү тереӊдетүү этабына өтөбүз.

Ушул тарыхый окуянын алдында, бүгүн, Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” фундаменталдуу эмгеги кыргыз тилинде чыкканына байланыштуу чогулуп олтурабыз.

Саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыган бул китеп - биздин коомго 5 жыл мурда орус тилинде белгилүү болгон.

Эми кыргыз тилинде окуган жарандарыбыз да бул уникалдуу китепти окуу мүмкүндүгүнө ээ болушту.

Китептин авторунун - учурдун эӊ таасирдүү саясатчысынын - тарыхка, бүгүнкүгө, келечекке болгон көз карашы менен тааныша алышат.

Китепти кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына жеткирген “Роза Отунбаева демилгеси” фондуна, анын төрайымы, экс-президент Роза Исаковна Отунбаевага чоң ыраазылык билдирем.

Си Цзиньпин мырзанын китеби чоң кызыгууну жаратып, дүйнөгө кеңири таркады.

Көптөгөн тилдерге которулуп, миллиондогон нускалар менен жарык көрүүдө.

Бул эмгек – дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө.

Кытайдын өнүгүү логикасын баамдоо, кытай коомунун терең философиясына негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасын түшүнүү үчүн бул китепти сөзсүз окуп чыгуу абзел.

Дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышат.

Китептин негизги мазмунун - учурда болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткан Кытайдын тарыхына таянып, анын келечеги жөнүндө автордун ой толгоосу түзөт.

Кытай мамлекетинин өнүгүү жолун көрсөткөн концептуалдык идеялар жазылган.

Кытай коомун бир максатка, келечекке умтулууга багыттаган, бардык улуттарды ынтымакка бириктирген ынанымдуу аргументтер бар.

Си Цзиньпин мырзанын эмгеги кытай элинин ийгиликтеринин сырын, дүйнөлүк аренадагы кытай феноменин, өлкөнүн концептуалдык философиясын, өнүгүү формуласын терең өздөштүрүүгө жол ачат.

Кытай лидеринин бул фундаменталдуу чыгармасы, бир гана кытай мамлекетине тиешелүү маселелерди көтөрүп тим болбостон, жалпы дүйнөлүк чакырыктарга жаңы көз карашты, жаңы мамилени чагылдырып турат.

Бул эмгек глобалдык башкаруунун жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, тынчтыкта жашоонун, бирге өнүгүүнүн идеяларына негизделген философиясын камтыйт.

Китепте автордун адамзаттын келечек жашоосун жакшыртууга багытталган гуманисттик көз карашы жана саясий концепциясы жазылган.

Улуу мамлекеттин лидеринин позициясын, анын дүйнөлүк экономикага, коопсуздукка, глобалдуу экологияга багытталган философиясын ушул китептен тапсак болот.

Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым.

Биз үчүӊ өтө маанилүү жагдай – Си Цзиньпин мырза чектеш мамлекеттерге, өзгөчө Орто Азиядагы коӊшу өлкөлөргө карата өзүнүн көз карашын жеткиликтүү билдирген.

Китепте жазылган, ынак коӊшулук дипломатияга арналган ар бир сүйлөм кыргыз окурманынын жүрөгүнөн жылуу орун табат, авторго карата тереӊ ыраазылык сезим жаратат.

Эң башкы дөөлөт - тынчтыкта, биримдикте жашоо, ар бир коӊшу мамлекеттин тандаган жолун сыйлоо экендиги бул китепте өзгөчө баса белгиленген.

Си Цзиньпин мырза ушул тапта Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонун баса белгилейт.

Ал: “Биз Орто Азиялык өлкөлөр менен чогуу өз ара ишенимди бекемдеп, достукту күчөтүп, кызматташтыкты алдыга жылдырып, биргелешип өнүгүү жана гүлдөп өсүүгө жөлөк болуп, бардык өлкөлөрдүн элдеринин бакубат болушун камсыздай алабыз” - деп жазат.

Автор өзүнүн кичи мекени - Шэньси провинциясы Улуу Жибек жолунун башталышында жайгашканын эске алып, “Биз муундан муунга өтүп келе жаткан достук мамилелерди колдоп, гармония менен тынчтыкта жашаган ынак коңшулар боло алабыз” – деп оюн жыйынтыктайт.

Мен Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, коопсуздук жана туруктуулук сыяктуу улуттук маселелерди чечүүдө Россия жана Орто Азия өлкөлөрү менен жигердүү, шайкеш иштөө менен, аймактын гармониялуу болушу үчүн талыкпай аракет жумшоого даярбыз” деген ойлорун толук колдойм.

Китеп Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак - бир жол” демилгесинин маӊызын жакшы чагылдырып турат.

Азыркы учурда терроризм, качкындар, финансылык кризис орун алган кезде “Бир алкак - бир жол” идеясы адамзатты бир максатка баш кошууга чакырат.

Көп кылымдар мурда байыркы Жибек Жолу континенттерди бириктиргендей эле, бүгүн “Бир алкак - бир жол” демилгеси Жер шарынын баардык материктерин жана элдерин жакындатууда деп айтаар элем.

Урматтуу мекендештерим!

Учурда өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык, укуктук реформалар алкагында, коомду, башкаруу системасын жаӊылоодо - бул эмгек биз үчүн зор кызыгууну жаратып турат.

Менин терең ишенимимде, бул китеп ар бир ойлонгон адамга баа жеткис азык, турмуштук сабак, тажрыйба берет.

Кыргыз окурмандары менин оюмча бул китептен көптөгөн суроолорго жооп табат, дүйнө таанымын, көз карашын алда канча кеңейтет.

Китеп биздин саясатчыларыбызга, мамлекеттик жетекчилерге, чиновниктерге жалпы эле кыргыз окурмандарына өтө баалуу табылга.

Бул китеп саясий ой-жүгүртүүнү мезгил талабына шайкеш жүргүүзүгө, мамлекетчилдик, жаратмандык сезимдерди, улуттук көөнө баалуулуктарды сыйлоого, өз элинин тарыхынан сабак алууга чакырат.

Кылым карыткан кыргыз-кытай достук жана коӊшулук мамилелери дагы тереӊдей берет деп бекем ишенем.

Китептин бет ачаары менен баарыӊыздарды куттуктайм!”

Пикир

Оставить комментарий