• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Си Цзиньпинге I даражадагы "Манас" орденин тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи.

«Манас» ордени жашоо символдорун – ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргызстанды ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн Сизге чоң рахмат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий