• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Согушта дайынсыз жоголгондорду издөө кыймылдарынын аракети менен көптөгөн жоокерлердин ысымдары аныкталды

Президент 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамынын алдында “Наша Победа - Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева жана “Эрдик” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Каныбек Мырзаканов жана Гүлнара Мырзаканова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент аларды келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам көз жаш менен тосуп алчу майрам экенин белгиледи.

«Бизди Совет элинин биримдиги Жеңишке жеткирди. Биздин бирдиктүү эл каармандыктын кайталангыс үлгүсүн көрсөттү», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жолугушууда издөө жумуштарын жүргүзүү, аны уюштурууга каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттик мекемелерде архивдик документтерди издөөнү көмөктөшүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.

Светлана Лаптева “Наша Победа - Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын иштери жана уюмдун пландары жөнүндө айтып берди. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандыктардын элесин сактоодо издөө жумуштарынын маанисине көңүл бурду.

Каныбек Мырзаканов өлкөнүн издөө кыймылдары жүргүзүп жаткан жумушка кеңири жардам керектигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча тынымсыз аракеттери, тарыхка болгон аяр мамилеси жана өз ишине берилгендиги үчүн Светлана Лаптева менен Каныбек Мырзакановго ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин аткарган ишиңер сый-урматка татыктуу. Жасаган эмгегиңиздердин аркасы менен мурда белгисиз жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталды», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

“Кыргызстандык жоокерлер бүт өлкө менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданында салгылашкан. Алар фашизмди жеңүүгө чоң салым кошушкан. Тилекке каршы, көптөгөн биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз фронттон кайтпай калган, айрымдар дайынсыз жоголду. Алардын тагдыры белгисиз бойдон калды, - деди Президент. – Учурда алардын небере-чөбөрөлөрү тагдырларына кайдыгер карабаганы абдан маанилүү. Алар өз жакындары жөнүндө маалыматты – кан майданда курман болгон жоокерлер тууралуу эскерүүлөрдү сактап калгысы келишет”.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда айтылган бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдар тарабынан издөө кыймылдарына керектүү жардам көрсөтүү жумуштары жөнгө салынаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий