• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков сот системасын санариптештирүү процессинин жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта өлкөнүн Жогорку сотуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (МИБ) ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку соттун судьялары менен жолугушту.

Жолугушууга онлайн видеоконференц-байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьялары катышты.

Президент сот системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи, анткени бул коррупция менен күрөшүүдө жана адам факторун азайтууда негизги курал болуп саналат.

«Биз жарандардын, мамлекеттин тагдырларына түздөн-түз таасир этүүчү бийликтин бир бутагы болгон сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Сот системасына талаптар жогору болот. Силер санарип трансформациянын авангардында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушуңар керек», — деди ал.

Жээнбеков судьялардын этикалык жүрүм-турумуна жана ак ниеттүүлүгүнө басым жасады.

«Соттор жарандар акыйкаттык издеген акыркы инстанция болуп эсептелинет. Силердин өзгөчө миссияңар — адилеттүү коомдо жашоо үчүн шарт түзүү. Соттордо акыйкаттык орнотулмайын, экономикалык, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик башкаруу тутумунда реформаларды ишке ашырууга мүмкүн эмес. Андыктан, силердин ишмердүүлүгүңөр түздөн-түз өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир этет», — деди Жээнбеков.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумун санариптештирүү процесси жөнүндө маалымат берди. Өлкөнүн жергиликтүү сотторунда бардык инстанциядагы соттордун ишинде жумуш процесстерин автоматташтырууга багытталган соттун автоматташтырылган маалыматтык тутуму орнотулуп, иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө биринчи интстанциядагы 64 сот жана экинчи инстанциядагы 2 пилоттук сот туташтырылган. 2020-жылга карата экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго сот АМТсын киргизүү мерчемделген.

Жогорку Сотто судьялар ортосундагы иштерди бөлүштүрүү процессин автоматташтырууга багытталган иштерди бөлүштүрүүнү автоматташтыруу модулу иштеп жатат. Бул тутум көптөгөн факторлорду: иштин татаалдыгынын коэффициентин, судьялардын пландуу жүктөмүн жана башкаларды эске алуу менен судьяларга жүктөмдү тегиз бөлүштүрүүнү шарттайт.

Мындан сырткары, Гүлбара Калиева сот чечимдерин чыгарууда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн сот жыйындар залында орнотулган аудио-видео фиксация системасынын иши жөнүндө айтып берди.

Соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен интеграциялоо, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына толук өтүү, сот жыйындар залдарына аудио-видео фиксация тутумун орнотууну жыйынтыктоо, сот тажрыйбаларына талдоолорду күчөтүү бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери.

Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун негизги максаты сот бийлигинин маалыматтык тутумун башка мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен коопсуз байланыштырууну уюштуруу, аларды «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри, Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо болуп саналаары белгиленди.

Мындан сырткары, МИБде соттун автоматташтырылган маалыматтык тутуму, «АМТ-Карыздарлар реестри», сот системасындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу тутумун сактаган борбордук системалар жайгашкан.

Бүгүнкү күндө Жогорку соттун архивинде 1960-жылдардан берки соттук материалдар сакталган, материалдарды санариптештирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий