• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет.

Ошондуктан мамлекет кийинки жылдары сот системасын терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда.

Мындай шарттарда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенем.

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакты-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий