• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүүнү тездетүү керектигин белгиледи.

Ал Улуттук өнүктүрүү стратегиясында базалык адистештирилбеген социалдык кызматтарды уюштурууну жана көрсөтүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү зарылдыгы белгиленгенин эске салып, 2019-жылдын декабрь айына чейин аймактарда 10дон кем эмес мындай кызматтарды көрсөтүүчү борборлорду түзүүнүн актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өзгөчө өлкөнүн аймактарында жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көңүл бурду.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл ичинде аброю бийик болушу керек, анткени сиздердин ишмердүүлүк жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, аларга жардам көрсөтүүгө багытталган. Тилекке каршы, айрым жетекчилердин алешемдиктеринен улам министрликке болгон ишенимге доо кеткен. Сиздердин милдет — өзүңөрдүн натыйжалуу ишиңер аркылуу калкты социалдык жактан коргоону күчөтүп, мекемеге болгон ишенимди кайтаруу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик пособиялар боюнча мыйзамдын акыркы өзгөртүүлөрү өлкөнүн социалдык жактан аярлуу жарандардын абалын начарлатканын белгиледи. «Аныктоо жана социалдык коштоо маселелеринде децентрализация жана айылдык башкармалыктардын катышуусу зарыл».

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков өзгөчө өлкөнүн аярлуу катмарларына тиешелүү жөлөкпулдарды кечиктирбей, өз убагында төлөө, жумушсуздукту кыскартуу боюнча чараларды күчөтүү, «Санариптик Кыргызстан» жана «Түндүк» электрондук системалары аркылуу эмгек рыногу боюнча бирдиктүү маалыматтык базаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйгөнүнө көңүл буруп, 2018-жылдын декабрынан бери эле 6 окуя катталганын белгиледи.

Президент министрлик өзгөчө оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр менен алдын алуу иш алып барууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ата-энесинин камкордугусуз жана көзөмөлсүз калган балдардын электрондук маалымат базасы дагы эле түзүлө электигине көңүл бурду.

«Камкордуксуз жана көзөмөлсүз калган ар бир баланы аныктап, оор турмуштук шартта жашаган балдарды коргоо боюнча иш-чаралар планын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгуу, аларга тиешелүү кызматкерлердин социалдык коштоосун камсыз кылуу керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий