• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда

Президент 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын соттук системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

"Ушул жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүүнү баштадык. Өлкөбүз жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштады. Сот системасын санариптештирүү процесси жүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда. Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө. Албетте, араңарда адилет соттор аз эмес", - деди ал.

Ал белгилегендей, адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек. Ошондо жалпы сот системасынын аброю өсөт.

Пикир

Оставить комментарий