• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Спортчу Дарья Маслованын уникалдуу жеңиши менен сыймыктанам

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья Маслова жана Адилет Кыштабеков, ошондой эле алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эске салсак эл аралык турнир Индия Республикасынын Бхубанешвар шаарында болуп өттү.

Дарья Маслова 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло медалды 10 000 метр аралыкка чуркоодо байгелүү орунга Кыргыз Республикасынын курамасынан Адилет Кыштабеков ээ болду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңил атлетиктерди татыктуу жеңиши менен куттуктап, спортчуларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлады.

«Эгемендүүлүк жылдардагы кыргыз спортунун тарыхында Дарьянын жеңиши уникалдуу болуп саналат. Сиздин жеңишиңизди сыймык менен кабыл алам. Сиз Кыргызстанды эл аралык спорттук аренада татыктуу тааныта алдыңыз. Мен биздин спортчулардын жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатындагы чыгуусун көрдүм жана спортчуларыбызды чын дилимден колдодум. Спорт мага чоочун эмес. Мен өз убагында волейбол боюнча райондун курама командасында ойногом. Мектепте болсо аталган спорттун түрү боюнча команданын капитаны болгом », - деп ой бөлүштү Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Дарья Масловага жана Адилет Кыштабековго алдыда жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерди багынтарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Адилета Кыштабековдун машыктыруучусу Виктор Борисов баса белгилегендей, Кыргыз Республикасыын Өкмөтү тарабынан акыркы жылдары спортко сезилээрлик колдоо көрсөтүлүп жатат.

«Биздин спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү, бирок биз мунун менен эле токтоп калбайбыз, биз дагы алдыга карай өсүшүбүз керек. Адилет Кыштабековдун спорттогу келечеги кең, экинчи жаш Сатымкул Жуманазаров өсүүдө деп айтсам болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз – машыктыруучулар жана спортчулар Өкмөт тарабынан анын ичинде Сиздин көңүл буруп жатканыңызды сезип турабыз. Түрдүү тармактарда кыйынчылыктар болууда, бирок спорт камкордуксуз калган жок. Ушул жылдар аралыгында каржылык же дагы башка көйгөйлөргө туш болгон жокпуз», - деди Виктор Борисов.

Дарья Маслованын машыктыруучусу Татьяна Борисова дагы Өкмөткө жана Премьер-министрге ыраазычылыгын билдирди. Ал Дарья Маслованын Азия чемпионатындагы алтын медалын өзгөчө баса белгиледи. Бул- Кыргызстандын жалпы жеңиши. «Татыктуу чыгуу менен биз үч медалды алдык жана жана байгелүү орунга ээ болдук. Дарьянын татыктуу жеңишин башка өлкөлөрдүн спортчулары дагы өздөрүнүн таасирлерин жашырбастан билдиришип, куттукташты», - деп баса белгиледи Татьяна Борисова.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ар бир жеңиш бул - спортчулар менен машыктыруучулардын чоң эмгеги жана өлкө өз ишине берилген мындай адамдары менен сыймыктанат.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Аппаратына жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын Өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тапшырды.

«Сиздер эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргодуңуздар. Өкмөт тарабынан спортту өнүктүрүүгө, спорчулардын даярдыгы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө болгон аракеттер күчөтүлөт», - деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий