• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылышына катышты

Өкмөт 0


БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-августта, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Салтанаттуу иш чарада сөз сүйлөп жатып, Сооронбай Жээнбеков эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Түркия боордош элдеринин достугунун символу болуп каларын баса белгиледи.

«Эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Биз түрк эли кыргыздын тарыхына, маданиятына терең сый менен мамиле кыларына ыраазычылык билдиребиз. Баарыбыз билгендей, Изник шаарында кыргыз жоокеринин күмбөзү бар, ал эми Элазык шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы көчө бар. Бүгүн биз Стамбул шаарында улуу Манастын эстелигин ачып жатабыз», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Өкмөтүнө Стамбул шаарында Манастын айкелинин орнотулушуна мүмкүндүк бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул эки элдин тарыхындагы жалпы байланыштар бар экенин далилдей турганын кошумчалады.

Манастын айкелинин ачылышы аземине Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын губернатору Насип Шахин, Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртумуш, Кыргызстандан барган делегация, Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн тарыхчылары жана Стамбул шаарынын тургундары катышты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын эгемендигин Түркия биринчилерден болуп тааныганын, андан бери эки өлкө ортосундагы кызматташуу ишеним жана достуктун негизинде өнүгүп келатканын билдирди.

«Кечээ биз Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен эки тараптуу өнөктөштүк тармагындагы кеңири маселелерди талкууладык. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташтык бекемделерине ишенем. Бүгүнкү иш чара эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык багытта өнүгүүгө жакшы дем берип, достуктун символу болуп калат», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Маалымдама: Стамбул шаарынын муниципалдык бийлиги тарабынан «Манас» эпосунун каарманынын эстелигин тургузууга Эюп районундагы эс алуу жайынан атайын жер тилекеси бөлүнгөн.

Эстеликти жаратууга жана аны орнотууга скульпторлор Мурзакаримов Токталы, Ажиев Садабек, сүрөтчү-скульптор Калбаев Сейитбек, университеттин негиздөөчүсү Йедитен Бедредди Далан, ишкер Сарлыкбек уулу Темирлан, Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы Башкы консулу Түлөбердиев Ренат катышты.

«Манас» эпосунун айкелинин ачылышы менен бирге ушул эле күнү Стамбул шаарында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Түркиянын коомчулугуна «Манас» эпосуна арналган 1840 барактан турган котормонун бет ачаары болду.

Бүгүнкү күндө «Манас» эпосунун Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча жалгыз түрк тилине которулган басылма болуп эсептелет.

Китеп манасчынын 2017-жылы өткөрүлө турган 150 жылдык юбилейине карата чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий