• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Стамбулда Түркиянын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты

Президент 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий