• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Стратегия-2040 адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган

Президент 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Стратегия-2040тын башкы өзгөчөлүгү - анын адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталуусу. Бул тууралуу Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал белгилегендей, өлкө бат өзгөрүп жаткан дүйнөнүн күтүүсүн нерселерине даяр болуу керек. Ал үчүн биринчи кезекте адамдын потенциалынын өсүшүн камсыздоо керек.

“Эми бул максат мамлекеттик саясаттын көңүл борборунда болот. Бул максаттарда социалдык-экономикалык гана эмес, соттук, укуктук жана демократиялык тармактардын өнүгүшүнө көңүл бурулду. Руханий баалуулуктарга, улуттук каада-салттарга аяр мамиле кылуу, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди”, - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий