• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Стратегия-2040 долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда Президенттик Аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Президент Сооронбай Жээнбековго узак мөөнөттүү Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу кеңири коомдук талкууну эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мисалы, жарандык коом менен тыгыз байланышта болуу максатында 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын (Стратегия-2040) текстине сунуштарды жана ой-пикирлерди топтоочу электрондук система түзүлгөн.

“Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирге Улуттук стратегиянын долбоорун кеңири талкууну уюштурган. Бардык кайдыгер эмес жарандар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана мамлекеттик структуралар үчүн өлкөнүн өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгууга өз салымын кошууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Улуттук кеңештин катчылыгынын эксперттери өлкөнүн аймактарында, ар кандай кесиптеги коомчулуктардын чөйрөсүндө талкууларды өткөрүштү. Ишкердик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир нече жолугушуулар уюштурулган. Улуттук кеңештин катчылыгына Стратегия-2040 долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекеттик органдардан, парламенттик фракциялардан, депутаттардан, жаштардан, ишкерлерден, өлкөнүн аймактарынан, академиялык коомчулуктан, эл аралык уюмдардан Кыргызстандын өнүгүүсүнүн ар түрдүү маселелери боюнча 80ден ашуун сунуштар жана ой-пикирлер келип түштү”, - деп белгиледи Нурсулу Ахметова.

Ал белгилегендей, Улуттук кеңештин катчылыгы учурда 2018-жылдын февраль айында Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтында жалпы талкууга чыгарылган Стратегия-2040 долбоору боюнча келип түшкөн сунуштарды талдап чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Стратегия-2040 долбоорунун өзөгүндө укуктары жана эркиндиги корголгон, жашоонун тез алмашкан шарттарына даяр адам – Кыргызстандын жараны болушу керектигин белгиледи. Узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстан эркин жана көз карандысыз мамлекет болуп, дүйнөдө ийгиликтүү, бакубат жана коопсуз, адамдын жашоосу, ишкерлик жана инвестициялар үчүн ыңгайлуу өлкө катары кабыл алынышы керек.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүсү өлкөнүн аймактарынын бирдей өнүгүшү, экологияга аяр мамиле жасоо жана климат өзгөрүп жаткан шарттарда келечек муундар үчүн ресурстарды сактоо маселелери менен тыгыз байланыштуу экендигине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий