• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Барыктабасованы кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды.

Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалады, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл.

Элмира Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий