• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков суу ташкынына байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү адам курмандыктарына алып келген суу ташкынына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жана бир топ кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү масштабдуу суу ташкыны тууралуу кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу ташкынынын кесепетинен туугандары менен жакындарын жоготкондорго чын ниеттен көңүл айтам, жабыр тарткандарга болсо тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин башында турган Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигинде кытай эли табигый кырсыкты сөзсүз жеңип чыгарына жана тез арада кадимки турмушту калыбына келтирерине ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий