• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!

Президент 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал кийинки кезде “Президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгиледи.

“Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, өзүн жалпы Кыргызстан элинин Президенти катары милдетин аткарып, журтуна кызмат кылаарын белгиледи.

“Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”, - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий