• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент Жээнбеков төрага Исаев жана премьер-министр Жапаров менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш Төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн Премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты.

Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясы пандемиясынын экинчи толкунуна ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, ичинде экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий