• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойногонун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын Куттуу Билим эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди.

Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали Кыргыз Республикасынын президенти — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Төрагасына Академиянын азыркы ишмердиги жана алдыга коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди.

Дархан Кыдырали Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий