• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты мындан ары карай кеңейтүүгө чакырды

Президент 0

Чолпон-Ата, 03.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине (ТТМК) мүчө мамлекеттер башчыларынын кеңири курамдагы жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Саммиттин катышуучулары менен жылуу учурашып, түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинде акыркы үч жылдагы ийгиликтүү төрагалыгы үчүн Президент Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди. «Бул жылдар арасында Казакстан Түрк кеңешинин аброюн көтөрүү жана ТТМКга мүчө мамлекеттер башчыларынын маанилүү макулдашууларын ишке ашыруу боюнча олуттуу иштерди жасады. Биз Казакстан тарабынан жасалган ишти жогору баалайбыз», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Түрк кеңеши биздин элдерибиздин тарыхынын, маданиятынын жана тилинин жалпылыгына негизденген. Бүгүнкү Саммит түрк тилдүү мамлекеттердин кылымдардан берки достугун дагы бир жаңы деңгээлге көтөрүп анын жаңы барагын ачат.

»Бүгүнкү жыйын уникалдуу форматта өтүп жатат, — деп белгиледи Мамлекет башчысы. — Биздин арабыздагы Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёевге жана Венгриянын Премьер-министри урматтуу Виктор Орбанга мүчө-мамлекеттердин атынан өзгөчө салам жолдойм. Өзбекстан Республикасынын мүчө-мамлекет катары Түрк Кеңешине кошулуу ниетин бийик баалап, өзүнчө колдогум келет».

Президент бул кадам Түрк кеңешинин кеңейишине жана анын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүүгө жакшы шарттарды жаратат деп терең ишенем.

Президент Өзбекстандын Түрк кеңешине кошулуу ниетин жогору баалай турганын жана бул уюмга жаңы дем берип, көптөгөн жаңылануунун башаты болорун айтты.

Сооронбай Жээнбеков Виктор Орбанга кайрылып, Европанын так ортосунда орун алган Венгрия өзүнүн түрк тилдүү тарыхын, када-салтын жана тууган-достугун унутпастан бүгүнкү Саммитте Түрк кеңешинин байкоочу мамлекет статусун алып жатканын белгиледи.

»Бул дагы болсо Уюмдун географиялык масштабынын кеңейишин айгинелеп, Түрк Кеңешинин иштерине оң таасирин тийгизип, башка уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөөнү шарттайт», — деп баса белгиледи Президент.

»Бүгүнкү Саммит «Улуттук спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтык» аттуу темада өтүп жатат. Өсүп келе жаткан муун — өлкөнүн келечеги. Жаштарга татыктуу жашоого шарт түзүп берүү ар бир мамлекеттин ыйык парзы жана милдети. Бул багыттагы иш-аракеттерди жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн түзмө-түз көз каранды. Ошол себептен Түрк кеңешке мүчө мамлекеттердин инвестициялык кызматташтыгын жана жеке секторлордун ортосундагы байланышты мындан ары дагы кеңейтүүгө чакырам», — деп белгилөө менен Сооронбай Жээнбеков товарлардын жана кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн агымына болгон тоскоолдуктарды кыскартуу кызматташтыктын максаттарына туура келерин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан экономиканы диверсификациялоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл буруу зарыл деп эсептей турганын белгиледи. «Ушул максатты көздөп экономика министрлеринин жана экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандырууну сунуш кылабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы толук байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Ушуга байланыштуу «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралын куруу долбоору абдан маанилүү».

Ошондой эле киберкоопсуздук, электрондук өкмөт жана спутник байланыштары боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандыруу зарылдыгын белгиленди. «Уюмдун мурунку Саммитинде демилгелеген маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу процессин алга жылдырууга бардык тараптарды чакырам. Бул багытта Кыргыз Республикасы «Таза Коом» санариптик трансформация улуттук программасын ишке ашырууда», — деп белгиледи Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргыз Республикасы Түрк кеңешинин өлкөлөрү үчүн чоӊ ролго ээ болчу TASIM долбоорунун экинчи этабына кошулууга кызыкдар экенин билдирди. Ал чыгыш менен батыштагы ири маалымат алмашуу борборлорун бириктире турганы Кыргызстан үчүн да маанилүү.

»Кыргызстан биздин өлкөлөр арасындагы туризмдин динамикалуу өнүгүүсүн активдүү колдойт. Түркияны, Азербайжанды, Казакстанды жана Кыргызстанды камтыган «Заманбап Жибек жолу» туристтик пакетин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз. Акырындык менен ушул долбоорго Өзбекстандын жана Венгриянын кошулушу, бул пакетти мындан да жагымдуу кылаары шексиз «, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылды.

»Азыркы геосаясий шарттарда тектеш мамлекеттердин жаштарын боордош элдердин маданиятын, тилин, тарыхын жана салттарын сыйлоого жана улуттар жана диний аралык сабырдуулукка үйрөтүү өзгөчө мааниге ээ. Бул иштер жаштардын радикалдашуусуна, фанатизм, зомбулук жана бөтөн идеологияны кабыл алуусуна бөгөт түзөт. Жаштардын аң-сезимине терс таасирин тийгизген ар кандай деструктивдүү күчтөргө каршы аракет болуп калат, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. — Жаштарды инновациялык долбоорлорго жана ишкердикке кызÑ �гуусун арттыруу максатында экономикалык жана гуманитардык багыттардагы атайын долбоорлорду чогуу ишке ашырууну демилгелейм. Бул максатта Түрк кеңешинин секретариатынын атайын жумушчу тобун түзүүнү сунуштайм».

Мындан тышкары Мамлекет башчысы түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук спорт, этникалык маданият чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү үчүн мындан ары да жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды. Бул өӊүттө ал Кыргызстандын демилгеси боюнча башталган уникалдуу жана бириктирүүчү долбоор — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын белгиледи.

»ЮНЕСКОнун патронаждыгы алдында өткөрүлүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына катышкан мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирем. Түрк тилдүү мамлекеттердин колдоосу менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мындан ары жайылтууга жана өнүктүрүүгө чакырам. Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттер дүйнөгө этноспорт, этномаданият деген түшүнүктү жөн эле жайылтпастан, бул багыттарды популярдуу кылганга жетиштик», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, азыркы тапта дүйнөнүн булуң-бурчунда көчмөндөр оюндарын кайталоо максатында ар кандай долбоорлор сунушталууда. «Мен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, өзүнүн туруктуулугун көрсөткөн, акыркы алты жылда үч жолу ийгиликтүү өткөрүлгөн жана Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясында белгиленген көчмөндөр оюндарын колдоого чакырам. Көчмөндөр оюндарынын урааны Күч биримдиги! Рух биримдиги!», — деп баса белгиледи ал.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга басым жасоо менен, Мамлекет башчысы кийинки төртүнчү оюндарды 2020-жылы Түркияда өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилгенин белгиледи.

»Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бул уникалдуу долбоордун мындан ары өнүгүүсүнө жаңы күч берилет деген ишеничтебиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бүгүнкү жыйын түрк дүйнөсүнүн ааламга атагы тараган улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысмын алып жүргөн залда өтүп жатышынын символикалуулугун өзгөчө белгиледи.

»Быйыл дүйнөлүк коомчулук менен бирге улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилеп жатабыз. Учурдан пайдаланып, бул багытта атайын иш-чараларды өткөрүп жатышкан мамлекеттерге жана алардын жетекчилерине, эл аралык уюмдарга терең ыраазычылык билдирем», — деди ад.

Сооронбай Жээнбеков биздин эледибиздин улуу ойчулдары өз чыгармаларында көптөгөн баалуу ойлорун жана насааттарын калтырышты. Азыркы муун ал баалуу руханий мурастарды сактап, кийинки муундарга бериши керектигин белгиледи.

»Ошондуктан биз түрк адабияты боюнча китеп чыгарууну сунуш кылабыз жана аны даярдоо боюнча биргелешкен ишке активдүү катышууга даярбыз. ТҮРКСОЙГО, Түрк Академиясына жана Түрк маданияты жана мурасы Фондуна бул ишти баштоону тапшырууну сунуш кылам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан түрк институттарынын санын кыскартып, алардын сапатын жогорулатууну сунуш кыларын белгиледи. «Кыргызстан көчмөндөр цивилизациясы борборун түзүү демилгесинен баш тартты жана аны бүгүнкү күн тартибинен алып салды. Андан тышкары, биздин биргелешкен институттардын өз ара аракеттенишүүсүн жакшыртып, алардын кайталанма функцияларын кыскартууну жана бул багытта инвентаризация жүргүзүүнү сунуш кылам», — деп, Мамлекет башчысы түшүнүк берди.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөө үчүн сөздү башка мамлекеттер башчыларына берди.

Пикир

Оставить комментарий