• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Түркия, Германия жана Казакстандын элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР), Түрк Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык миссиялардын башчыларынын иштерине ийгиликтерди каалап, алардын ишмердиги өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө жана байланыштардын бекемдешине жардам берерине ишенимин билдирди.

Германиянын Элчиси Моника Иверсен, Түркиянын Элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев Президентти Кыргызстан менен өз өлкөлөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзүүгө даярбыз деп ишендиришти.

Кыргызстандагы Германиянын Элчиси Моника Иверсен менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Германия менен болгон кызматташуу олуттуу жана артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи.

«Эгемендик алгандан кийин Кыргызстан пландуу экономикадан рынок экономикасына өттү. Бул жылдары турукташтыруу жеңил болгон жок, бирок бизге достор жардамга келишти, алардын арасында Германия дагы бар. Бул жылдардын ичинде Германия Кыргызстанга баа жеткис жардам көрсөттү. Сиздин Кыргызстандагы Германиянын элчиси кызматына келишиңиз менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгат деп үмүттөнөм», - деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков Элчи Моника Иверсенге кайрылып.

Ал Федералдык канцлер Ангела Меркель баштаган ГФРдин Өкмөтүнүн түзүлүшү менен куттуктап, Меркель жана Кыргызстандын мурдагы Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-2017-жылдары бири-бирине расмий визиттерди жасашканын эскертти.

«Ангела Меркелдин Кыргызстанга келиши тарыхый окуя болду жана ар тараптуу мамилелердин активдүү кеңейүүсүнө көмөктөштү. Мен дагы аны менен жолугушууга үмүттөнөм», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Германиянын Элчиси Моника Иверсен жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өнүгүүнүн татаал демократиялык жолуна багыт алганы үчүн Германия Кыргызстанды сыйлаганын айтты.

Ал Германия экономиканы жана аймактарды, билим берүүнү өнүктүрүү тармактарында, демократияны бекемдөөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. “Германияда Сиздин визитиңизге кубанычта болушат”, - деп белгиледи Элчи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы Түркиянын Элчиси Женгиз Камиль Фырат менен дагы өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашты.

Мамлекет башчысы жакын арада анын Түркияга расмий визити күтүлүп жатканын жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берээрин белгиледи.

“Түркияга расмий сапардын жүрүшүндө мен Президент Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушам, күн тартибиндеги кызматташуу маселелерин талкуулайбыз. Элдерибиздин ортосундагы мамилелер мындан дагы бекемдейт деп ишенем”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Түркия Элчиси Женгиз Камил Фырат жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди жана өзүн экинчи Мекенинде жүргөндөй сезген Кыргызстанга элчи болуп дайындалганына кубанаарын белгиледи.

«Азыр биз сиздин Түркияга сапарыңызга даярдык көрүп жатабыз. Андан тышкары, Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин Саммити өткөнү жатат. Ушунун баары биздин өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөк болот», - деди Элчи.

Ал Президенттин региондорду өнүктүрүү жөнүндө Жарлыгын, өкмөттүн “Таза коом”, “Жаңы доорго 40 кадам” жана инвестицияларды тартуу боюнча программаларын жүзөгө ашыруу сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Карим Кокрекбаев менен маектешүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мезгил аралыгында Казакстандын борбору Астанага эки жолу – расмий визит менен жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусуна барганын эске салды.

«Бул сапарларымдын учурунда биз маанилүү документтерге кол койдук, олуттуу маселелерди талкууладык. Мен сиздин Кыргызстанга Элчи болуп дайындалышыңызга абдан кубанычтамын, болочокто биздин мамилелерибиз тереңдөөнүн үстүндө гана болот деп ишенем, анткени кыргыздар менен казактардай жакын эл жок», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев да кыска эле убакытта Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев үч ирет жолугушууга үлгүрүшкөнүн жана ар бир жолугушуу тарыхый окуя экенин белгиледи.

«Бул жолугушууларда чек аралар, экономикалык кызматташтык боюнча маанилүү маселелер чечилди, товар жүгүртүүнүн кыйла өскөнү байкалууда. Быйыл Кыргызстан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилейт, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрөт. Казакстан бул иш-чараларга кызыгуу артууда жана аларга катышууга даяр. Мен бир тууган эки элди бириктирген алтын көпүрө болуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм», - деди Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси.

Пикир

Оставить комментарий