• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Түркияга расмий сапар менен жана Европа союзунун институттарына жумушчу сапар менен барат

Президент 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-апрелинде Түркия Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 6-апрелде брифингде билдирди.

«Бул сапар Кыргызстан менен Түркиянын тарыхыбыздагы, маданиятыбыздагы жана тилибиздеги жалпылыкка негизденген эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин күбөлөндүрүп турат», - деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Сапар Түркия Республикасы менен эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, кыргыз-түрк кызматташтыгынын олуттуу маселелери боюнча пикир алмашууларды калыптандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ар тараптан тереңдетүүгө түрткү болот.

Сапардын жүрүшүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Премьер-министр Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда расмий жолугушуулар болжолдонууда.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий сапары Кыргызстандын регионалдык жана эл аралык уюмдардын, ИКУ, ТМКК, ТүркПА, ТҮРКСОЙ алкагында Түркия менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө түрткү болот», - деп кошумчалады Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге, тактап айтканда, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө, ошондой эле социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюу пландалууда.

Түркияга расмий сапар аяктаган соң Президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун институттарына жумушчу сапар менен барат. (Брюссель шаары) Сапар 2018-жылдын 11-12-апрелинде болот.

«Европа союзунун институттары менен буга чейинки конструктивдүү диалогду улоо менен Мамлекет башчысынын азыркы сапары Европа союзу менен кызматташууга Кыргызстан артыкчылыктуу маани бере турганын дагы бир жолу тастыктайт. Биз Европа союзун туруктуу өнүгүү боюнча маанилүү өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана тыгызыраак кызматташууга даярбыз», - деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселге биринчи сапары Европа союзунун жетекчилиги менен жеке байланыштарды орнотуу, расмий түрдө 2017-жылдын 19-декабрында башталган Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жаңы долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий түрткү берүү максатын көздөйт.

Данияр Сыдыков белгилегендей, визиттин алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлоруна инвестиция тартуу, ВСП+ алкагында жеңилдиктерди натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда. Мындан тышкары иштелип жаткан «Таза Коом. Жаны Доор» Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында кызматташуунун келечеги, «Таза суу» долбооруна жана «Таза Коом» мамлекеттин санариптик трансформация программасына колдоо көрсөтүү маселелери дагы талкууланмакчы.

Визиттин жүрүшүндө Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен расмий жолугушуулар болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы 2013, 2015 жана 2017-жылдардагы визиттер, ошондой эле Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин 2017-жылдын 9-ноябрындагы Кыргызстанга визити Кыргызстандын европа багытындагы тышкы саясатын өнүктүрүүдөгү эң олуттуу окуялар болгондугун эске салды.

Пикир

Оставить комментарий