• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын спикери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Спикер Исмаил Кахраман Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, түрк тарап анын келишин күтүп, бир тууганындай тосуп алгандыгын белгиледи.

“Түркия Кыргызстан менен кызматташтыгын өнүктүрүп, колдой берет. Парламенттер аралык кызматташуу биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин тереңдетүүдө өзгөчө роль ойнойт. Жакын арада биз Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабековдун Түркияга визит менен келишин күтүп жатабыз”, -деди Исмаил Кахраман.

Спикер эки өлкөнүн соода тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү толук ачыла элек, тараптар жылына товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Билим берүү чөйрөсү туурасында кеп кылып келип, Түркиянын парламентинин спикери түрк тарап кыргыз студенттерине стипендия берүүнү улантаарын белгиледи.

Ошондой эле Исмаил Кахраман Анкарада бүгүн Сооронбай Жээнбеков гүл койгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылгандыгын канааттануу менен кошумчалады.

“Чыңгыз Айтматовду Түркияда жакшы көрүп окушат, анын чыгармалары жалпы түрк дүйнөсүнүн мурасы болуп саналат. ТҮРКСОЙ тарабынан жазуучунун 90 жылдык мааракесинин урматына жарыяланган Айтматов жылынын алкагында Түркияда бир катар иш чаралар өтөөрү бизди кубандырат”, -деди Исмаил Кахраман.

Ал Түркия эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган бардык демилгелерди жана иш чараларды колдоорун баса белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбековго ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков меймандостугу жана кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Исмаил Кахраманга ыраазычылык билдирип, спикердин Кыргызстанга жасаган сапарынын жүрүшүндөгү акыркы жолугушууну белгиледи.

“Биз парламенттик республика катары парламенттер аралык кызматташууга олуттуу маани беребиз. Түркия биз үчүн бир тууган өлкө жана ишенимдүү өнөктөш. Биздин бүгүнкү жолугушуу стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө жана бир тууган элдердин жакындашуусуна дем берет деп ишенем”, -деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы визиттин жыйынтыктары менен канааттангандыгын билдирип, Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык маселелерин талкуулагандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий