• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Түркмөнбашы шаарында Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине катышты

Президент 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине ардактуу мейман катары катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары тар жана кеңири курамда жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуудан кийин Мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты. Белгиленгендей, бүгүнкү саммит жалпы регионго тиешелүү проблемаларды чечүүдө Борбор Азиянын мамлекеттеринин биримдигин таасын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий