Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Түркмөнстан президентин жана жалпы түркмөн элин келе жаткан 2019-жаңы жыл менен куттуктады.
Мамлекет башчылары ошондой эле Жээнбековдун 2018-жылдын Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча 2019-жылга карата биргелешкен пландарды аныкташты.
Пикир
Оставить комментарий