• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Ашхабад» шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий