• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедовду жана Түркмөнстан элин кирип келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий