• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Андан кийин президент 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

Пикир

Оставить комментарий