• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков төрт эм туулган үй-бүлөгө үй алууга сертификат берди

Президент 0


Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн 4 эм ымыркайга жана энеси Рысмат кызы Нурайымга белектер тапшырылды.

Мамлекет башчысы жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди. Президенттин атынан белектерди КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев тапшырды.

Мындан тышкары, КР Өкмөтү тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.
Ымыркайлар биринчи 10 күндө туруктуу оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан. Ымыркайларга тийиштүү медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен.

Дарыгерлердин айтымында, Рысмат кызы Нурайым Бишкек шаарында жайгашкан түркиялык «Анкалайф» медициналык борборунда тукумсуздуктан дарыланган. Кош бойлуу кезинде аталган клиникада каттоодо болгон. Азамат Смановдун билими орто, туруктуу жумушу жок, учурда курулуштардын биринде эмгектенет.

Белгилүү болгондой, наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Аталган иш-чарага КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР Президентинин Аппаратынын жарандык өнуктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий