• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Түштүк Кореяда өткөн турнирде жеңишке жетти – видео

Спорт 0


Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков Сеулда өткөн Angel fighting Championship турниринде жеңишке жетти. Бул тууралуу ал өзү социалдык түйүндөргө жазып чыккан.

Турнирдин негизги кармашында кыргызстандык спортчу Кореянын мушкери Жун Су Лимди техникалык нокаут менен жеңип, 93 кг салмактык категорияда чемпион болгон.

Беттеш аяктагандан кийин Жээнбеков видео кайрылуу жасап, колдоо көрсөткөндөрү үчүн бардыгына ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий