• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кырдаалга байланыштуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз

Жеңишке 75 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. «Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция — «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий