• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Талас аймагындагы ар бир кокту-колотто, тоо-ташта Манастын духу, тарыхыбыздын изи калган

Президент 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. "Куттуу Талас аймагындагы ар бир кокту-колотто, тоо-ташта Манастын духу, тарыхыбыздын изи калган", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында областтын тургундары менен Талас шаарындагы жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Талас жөнүндө сөз кылганда бул кутман жердин духу, руху, кубаты Манас, Чыңгыз деген ыйык сөздөрдү, өзгөчө руханий энергетика берген асыл сезимди ыроологонун белгиледи.

Ал Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхында таң каларлык каармандыкты көрсөткөн Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги легендага айланганын, андан кем калбаган эр жүрөк таластык азаматтар 2010-жылы кандуу бийликке каршы тайманбай баш көтөрүп, Апрель элдик революциясынын башаты Талас жергеси болуп калганын белгиледи.

Ошондой эле президент быйыл улуттун сыймыгы, руханий туусу болгон жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилеп, Кыргызстанда да залкар жазуучунун юбилейине арналган эл аралык, дүйнөлүк иш-чаралар өтүп жатканына токтолду. "Быйыл октябрь айында Чыңгыз Айтматов негиздеген Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрөбүз. Ага жүзгө жакын өлкөдөн дүйнөнүн атактуу интеллектуалдары келет. Жазуучунун кичи мекени Шекерде „Чыңгыз - Ордо“ комплексин куруу иштери башталат", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы президенттик кызматка киришкенден кийин коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытындагы иштерине токтолуп, алгачкы жумушчу сапары Россия Федерациясына болгонун айтты. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Европа институттары, Кытайга болгон сапарлары жана бул мамлекеттердин башчылары менен жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары мамлекет башчысы Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан жана аткарыла турчу иштерге токтолду.

Ал "кыргыздын тамыры айылда, айыл өнүксө, өлкө өнүгөт", деп белгилеп, Аймактарды өнүктүрүү жылында бир гана мамлекет эмес, бардык элеттеги жамааттар кол кабыш кылуу керектигин айтты.

"Социалдык-экономикалык маселелерди гана чечпестен, каналдар менен көпүрөлөрдү куруп тим болбостон, биз руханий жактан дагы көтөрүлүшүбүз керек. Качан кыргыз балдарын жетим үйгө, ал эми ата-эенсин карылар үйүнө таштачу эле? Калктын ушул сыяктуу аяр катмарларын дагы өз карамагыбызга алышыбыз керек, боорукер болушубуз керек", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү менен жаңы жумуш орундары түзүлсө, сырткы жана ички миграция кескин азая турганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү, кадр саясаты, ирригация системасын жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу саясатына дагы токтолду. Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий