• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Таласта буурчакты кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү салтанатына катышты

Президент 0


Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы «Азра» компаниясынын буурчакты кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы заводдун ишинин башталышына расмий старт берип, Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан буурчак эл аралык аренада чоң суроо-талапка ээ экендигин белгиледи. Өлкөбүз жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 млн. доллар пайда табат.

Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет. Ошентсе дагы өндүрүү маселеси эмес, буурчакты кайра иштетүү, рынокко чыгуу жана сатуу маселелери актуалдуу болуп жатат. Бул маселе чет элдик инвесторлордун жана өлкөнүн «Айыл Банк», «РСК-Банк», «Кепилдик фонду» сыяктуу финансылык институттарынын колдоосунда жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен чечиле баштады.

«2018-жылдын башталышында мен жогоруда аталган финансылык институттардын жетекчилерине кредиттик саясатты айыл жергесине буруу, элеттик ишкерлерди колдоо үчүн ресурстардын олуттуу бөлүгүн региондорго жөнөтүү тапшырмасын бергем. Эми дагы жаңы долбоорлор ишке ашырылып, аймактарда ушул сыяктуу ишканалар ачылат», -деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы «2018-жыл — региондорду өнүктүрүү жылы» өлкө боюнча чоң иштер жасалып жаткандыгын белгиледи. «Биздин максатыбыз — региондорду өнүктүрүү, аймактарда жумушчу орундарды түзүү, жаңы ишканаларды ачуу, инвестицияларды тартуу жана кредиттик саясатты айыл жерине жакындатуу. Жаңы регионалдык демилгелерди колдоо — ушул » Жылдын негизги милдети», -деди Президент.

Сооронбай Жээнбеков завод 250гө жакын жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылганын канааттануу менен белгиледи. Буурчак 25 өлкөгө анын ичинен Иранга, Түркияга, Индияга экспорттолот.

Ал инвесторлорго камкор мамиле кылып, аларды аэропорттон тосуп алып, узатып, жергиликтүү ар кандай түйшүктөрдөн арылтып, иштешип жаткан компаниянын негиздөөчүсү Миргазы Оморовго ыраазычылыгын билдирди.

«Инвесторлого дал ушундай аяр мамиле жана кызматташуу өлкөнүн жана региондун социалды к-экономикалык өнүгүшүнө, жумушсуздукту кыскартууга бараандуу салым кошот. Жергиликтүү тургундар эми өз продукциясын рыноктук баада сата алат жана алардын түйшүкчүл талыкпаган эмгеги талаага кетет деп санаа тартпайт», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Азра» компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов мамлекет башчысына 1997-жылы түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгү туурасында айтып берди. Анын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыты буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын олтургузуу, продукцияны э кспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчак экспорттойт.

Тазалоо боюнча эки завод, буурчакты өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 гектардан ашуун территорияга интенсивдүү алма бактары отургузулган.

Маалымдама: Интенсивдүү жер иштетүүнү каржылоо максатында Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 134 млн. сомду (же 1,9 млн. доллар) түзгөн 24 долбоорду колдоого алган. Эки жылдык каникулу бар 7 жылдык кредиттик линия ачылган, 12 банктан акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда «Айыл банк» менен «РСК-Банк» бул каражаттарды бөлүп берүүдө. Анын ичинен Талас облусу боюнча 2 долбоор жактырылып, 3,7 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий