• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков тарабынан бир катар балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сомдон бөлүндү

Президент 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекет башчысынын резервдик фондунан оор турмуштук абалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген бир катар коммерциялык эмес уюмдарга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020- жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жергиликтүү деңгээлде кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо системасын кеңейтүү каралган.

Оор турмуштук абалга кабылган балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн ондогон балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом суммасында колдоо көрсөтүлдү.

  1. »Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору» мекемеси;
  2. »Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси;
  3. »Тянь-Шань балдары» коомдук бирикмеси;
  4. »Благодать» коомдук фонду;
  5. »Жылмаюу» коомдук фонду;
  6. »Эне бала мээрими» коомдук фонду;
  7. »Теңир Колдо» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
  8. »Ай-Мээри» коомдук бирикмеси;
  9. »Ариет» мектепке чейинки (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) атайын билим берүү уюму;
  10. »Стимул» маалыматтык-кеңеш берүү жана демонстрация борбору» коомдук фонду.

Пикир

Оставить комментарий