• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Ташкентте Орто Азия мамлекет башчыларынын II консультативдик жолугушуусуна катышат

Президент 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 29-ноябрында Ташкент шаарында өтүүчү (Өзбекстан) Орто Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйынында.

Ал алдыда өтүүчү жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Президенттери жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев катышаарын белгиледи.

«Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Иш-чаранын соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Мындан тышкары, Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Пикир

Оставить комментарий