• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Таза суу жана ирригация маселеси боюнча долбоорлор — улуттук долбоорлор

Президент 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. «Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор улуттук долбоорлор болуп саналат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда баткендиктердин суроолоруна жооп берип жатып.

Президент ичүүчү таза суу калктын саламаттыгы боюнча маселелерге түздөн-түз байланыштуу экенин билдирди.

Таза суусуз өнүгүү, инвестициялардын агымы болбостугун жана туристтер келбестигин баса белгиледи.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ирригацияны өнүктүрүү жалпы өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, миграция агымын кыскартууга өбөлгө болооруна токтолду.

«Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү — бул келечекте өсүп келаткан муунга багытталган улуттук долбоор. Бардык ирригациялык долбоорлордун ичинен 45%ы Баткен облусунда ишке ашырылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент улуттук долбоорлорду ишке ашыруу процессине өнүктүрүү жаатындагы эл аралык өнөктөштөрдү тартуу багытында активдүү иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий