• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагында Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин бардык маселелеринин азыркы абалы талкуулап, мындан ары кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталгандыгын белгиледи.

“Өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда ишке ашырылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташууну жандандыруу үчүн чараларды көрүп, товар жүгүртүүнү көлөмүн көбөйтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү зарыл. Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине мүчө экендигин жана ВСП+ статусу бар экендигин эске алуу менен, экспорт, импорт жана товарларды реэкспорттоо боюнча өз ара аракеттенишүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу керек. Өлкөлөрүбүздүн бизнес чөйрөсүнө жана чарба субьектилерине байланыштарды жөнгө салууга жана контракттарды түзүүгө жардам берүү зарыл”, -деп Сооронбай Жээнбеков болочокто Бишкекте тажик ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Тажикстандын элдери мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин тездетип чечет деп күтүп жатышканын баса белгиледи. “Биз жөнөкөйдөн татаалга өтүп, бир орунда турбастан, мамлекеттик чек ара маселелерин чечүүдө алдыга жылышыбыз зарыл”, -деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Кохир Расулзода эки өлкөнүн Президенттеринин жолугушуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизет деп белгиледи. “Кыргызстан менен кызматташуу - биздин тышкы саясатыбыздагы артыкчылыктуу багыт. Биз эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө бирдей кызыктарбыз. Соода-экономикалык кызматташууну күчөтүшүбүз зарыл, деп Сиз туура белгиледиңиз. Биз соода-агрардык сектордо кызматташууга артыкчылык беребиз. Коңшулаштыкты жана көп кылымдардан бери келе жаткан достуктун салттарын абдан баалайбыз”, -деп баса белгиледи Кохир Расулзода.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык аспектилери, анын ичинде эки өлкөнүн транзиттик потенциалы, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу, маданий-гуманитардык өнөктөштүк боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий