• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушту

Президент 0


Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Республикасына жасаган расмий визитинин алкагында бүгүн, 1-февралда, Душанбе шаарынын Улуттар ак сарайында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президенттин расмий жолугушуу аземинен, Ардактуу кароол менен учурашуудан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштырып, Ардактуу кароолдун ротасы салтанаттуу марш менен өткөндөн кийин Мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүүлөр өткөрүлчү залга бет алышты.

Андан соң сүйлөшүүлөр кеңири курамда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий