• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президеттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуу эртең, 28-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык Коопсуздук келишими жөнүндө уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду.

Мамлекеттер башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкташты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий