• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Циндао шаарына учуп келди

Президент 0

Бишкек, 09.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитин аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекин шаарынан Циндао шаарына (КЭР) келди.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Пикир

Оставить комментарий