• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабрында Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Андан бери өткөн 60 жыл ичинде кыргыз телекөрсөтүүсү жана радиосу өзүнүн өнүгүү жолунда зор өзгөрүүлөргө жетишти.

Бүгүн телекөрсөтүү жана радио дүйнөдө, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ыкчам маалымат алуунун негизги булагы болуп калды.

Кыргызстандыктар өлкөнүн социалдык, экономикалык жана маданий турмушун чагылдырууга, элибиздин мыкты каада-салттарын сактоого кошкон сиздердин салымыңыздарды жогору баалашат. Сиздердин жаратман эмгегиңер Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган.

Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин мамлекеттик бийлик органдарынын ишин күн сайын электен өткөрүп, өлкөбүздүн элине жаңыча дем, жигердүү күч, шыктануу берип, коомубузда жаратмандык духту бекемдөөгө кошкон барандуу салымы өзгөчө баага татыктуу.

Ошондой болсо да, жаран жана анын маалыматка болгон талабына шайкеш келген, маданий жана руханий муктаждыктарын камсыз кыла алган теле көрсөтүүнү түзүү үчүн дагы көп аракет жумшообуз керек. Биз баарыбыз бирге бул максатка жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык албан ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий