• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүму билдиргендей, Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти төмөнкүдөй:

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Учурда теле жана радио жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, азыркы коомубуздун күндөлүк турмушун аларсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Телекөрсөтүү менен радио коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, көп улуттуу Кыргызстан элинин ынтымагын бекемдеп, биримдигин арттырууга, каада-салттарын, руханий дөөлөттөрүн сактаганга олуттуу салым кошуп келет.

Көз карандысыздыкка жетишкен жылдары мамлекетибизде теле жана радиостудиялардын катары калыңдап, мекендештерибиз өлкөдөгү жана дүйнөдөгү бардык жаңылыктар менен таанышууга, коом турмушундагы түрдүү көз караштарды чагылдырган маалыматтарды алууга кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болду.

Кыргызстан учурда өнүгүү жолуна түштү. Узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарды белгилеп, келечекке, гүлдөп өнүгүүгө ишенимдүү кадам шилтеди.

Сиздердин чыгармачыл эмгек, кесипкөйлүгүңүздөр коомубуздун башын жалпы улуттук идеянын айланасына бириктирип, элибизди жаратман эмгекке багыттап, өнүккөн жана бакубат мамлекет курууга көмөктөшөт деп ишенем.

Теле көрсөтүү жана радионун бардык кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!”

Пикир

Оставить комментарий