• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков теолог Кадыр Маликов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-июлундагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду.

Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду.

«Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, поликонфессионалдуу коомдун иштөөсү үчүн көп иштер жасалып жатат», — деп белгиледи теология адиси.

Президент Сооронбай Жээнбеков диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.

Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий