• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Тигран Саркисянды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алдыда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин күн тартиби жана ошондой эле интеграциялык биримдиктин мындан аркы өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ЕАЭБге интеграция болушу Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп кала берет деп белгиледи.

«Биз үчүн бул биримдиктин мааниси чоң жана Биримдикке кирген өлкөлөр менен жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы. ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Кыргызстандын Президентинин евразиялык интеграция маселелери боюнча активдүү позициясы интеграциялык долбоорду алдыга жылдырууга жана тереңдетүүгө жардам бергенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий