• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Токаевди Казакстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. 2019-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентин кезексиз шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган Президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Бишкекте өтө турчу ШКУ Саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий