• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. «Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу энергетиктер!

Ардактуу ардагерлер!

Азыркы учурда энергетиканын өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүнө көрсөткөн таасири өсүп жатат.

Электр энергиясы — калктын социалдык шарттарын жакшыртуунун жана экономиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп калды.

Энергетика тармагы мамлекеттин Ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат.

Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт.

Ошондуктан энергетика тармагы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Ал эми энергетикалык коопсуздук — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыты.

Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөт, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат.

Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет.

Биз калкыбыздын электр энергиясына болгон муктаждыктарын жана экономиканын керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетиштүү көлөмдөгү энергияны туруктуу чыгаруубуз зарыл.

Ал үчүн, биринчи кезекте, электр менен камсыздоонун булактарын жана инфрастуктурасын жетиштүү деңгээлде өнүктүрүү керек.

Өлкөбүздө иштеп жаткан гидроэлектрстанцияларды калыбына келтирүүгө жана жаңы ГЭСтерди, электр берүү линияларын жана көмөкчү подстанцияларды (чордондорду) курууга муктаж.

Өлкөдөгү электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт.

Анын ичинде Токтогул ГЭСи — эң ири жана эң маанилүү электр станциясы, бул станциянын өлкөбүз үчүн мааниси зор.

Өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат.

Анын кубаттуулугу 1 200 МВатты түзөт. Бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жакын энергия чыгарат.

Муну менен катар, Токтогул суу сактагычы — Борбордук Азиядагы эң чоң суу топтогучтардын бири.

Ал биз үчүн гана эмес, жакынкы коңшулар үчүн да сугат суунун булагы катары кызмат кылат.

Ушуга байланыштуу, ГЭСтин эл аралык мааниси да түшүнүктүү.

Урматтуу мекендештерим!

1975-жылы ишке киргизилгенден тартып иштеп, станциянын негизги жабдуусунун техникалык ресурсу иштелип бүткөн.

Аны реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган.

Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат.

Биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган.

Мен Премьер-министри катары келип, бул иштерге старт берүүгө катышкам.

Азыр ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды.

Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду.

Так ушул жабдуулар биринчи кезекте алмаштырууга муктаж болчу.

Анткени акыркы жылдарда тез-тез иштен чыгып, станциянын ишенимдүү иштөөсүн коркунучка кабылткан себептер жоюлат.

Белгилей кетчү нерсе, долбоордун аткаруучуларын тандоо ачык-айкын болгонунун натыйжасында, каражаттардын бир бөлүгүн үнөмдөөгө жетиштик.

Анын эсебинен ГЭСтин бөлүштүрүү түзүмүн дагы кошумча реконструкциялоого мүмкүн болду.

Бүгүн биринчи фазага белгиленген иштер ийгиликтүү аяктап, кайрадан жакшы, майрамдык маанай менен жолугуп жатабыз.

Долбоордун биринчи фазасын каржылууга 55 млн. доллар суммасында насыялаган Азия өнүктүрүү банкына ыраазылык билдирем.

Ошондой эле технологиялык татаал жана масштабдуу иштерди, ГЭСтин ишин токтотпой аткарган подряддык уюмдардын жогорку кесипкөйлүгүн өзгөчө белгилөө зарыл.

Долбоордун биринчи фазасы ийгиликтүү аякташы менен ГЭСти жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринин учурундагы чыгымдар жана башка эксплуатациялык чыгымдар олуттуу түрдө азаят.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу, калкты жана ишканаларды электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жакшырат, экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.

Эми жетекчилерге жоготууларды нормативдик деңгээлге чейин төмөндөтүү милдети коюлат.

Заманбап маалыматтык технологияларды — акылдуу эсептегичтерди, санарип технологияларын киргизүүнү, энергетикалык эсеп борборун өнүктүрүүнү колго алгыла.

Керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн инфраструктураны калыбына келтирүүгө киришкиле.

Долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат.

Жалпы суммасы 320 млн. АКШ долларын түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат.

Азыркы учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат жана жабдууну жасоо иши башталды.

Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт.

Мындай татаал жана масштабдуу долбоорду ишке ашыруу — Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.

Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор — Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот.

Кудай буйруса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

Урматтуу мекендештерим!

Белгилей кетчү нерсе — Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлдү.

Бул өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкын, адилет болгонуна, дүйнөлүк гигант-компаниялардын атаандаштык менен конкурска катышканына байланыштуу болду.

Муну донорлор сатып алуулардын ачык-айкындыгын көрсөткөн жакшы мисал катары баалашты.

Үнөмдөлгөн каражаттарды сметалык баасы 160 млн. доллады түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды.

Ошентип, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн каралган суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат.

Натыйжада, республика боюнча жалпы кубаттуулуктун 40 пайызга жакыны жаңыланган ушул эки ГЭСтен чыгат.

Бул энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылат.

Урматтуу мекендештерим!

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү менен катар, башка ГЭСтерди реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Алардын катарында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери жигердүү жүрүп жатканын белгилесем болот.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо үчүн каржылоо булактары аныкталып, подряддык уюмдарды тандоо башталды.

Жалпы гидроэнергетика тармагын алганда 2023-жылдын аягына чейин иштеп чыгарылган кубаттуулук 400 МегаВаттка жогорулашы күтүлүүдө.

Жалпысынан, энергетика секторунда жакшы динамиканы белгилөөгө болот.

Стратегиялык маанилүү объекттерди кайра курууга жана модернизациялоого ири чет элдик инвестициялар тартылууда.

Энергетикалык секторду башкаруу боюнча реформа жүрүп жатат.

Ошол эле учурда, бүгүн республиканын жана шериктеш өлкөлөрдүн экономикасында болуп жаткан өзгөрүүлөр жаңы талаптарды коюуда.

Биздин жарандарыбыз да энергетиктерден көбүрөөк жоопкерчиликти, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча коюлган милдеттерди аткарууну талап кылат.

Ошондуктан, улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу — келечектеги милдетибиз.

Алардын ичине Камбарата 1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет.

Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизип, анын долбоордук кубаттуулугуна (1900 МВт) жетүү үчүн 11 жыл керек.

Ошондой эле кайра жаралуучу „жашыл“ энергия булактары боюнча өлкөбүздүн дараметин жогорулатуу талап кылынат.

Алар аркылуу өлкөнүн колдонулбай келген гидроэнергетикалык дараметин ырааттуу өздөштүрүү милдети турат.

Ошондой эле электр энергиясынын экологиялык таза, кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү зарыл.

Дагы бир маанилүү багытыбыз — улуттук энерготутутумдун аймактык рынокко чыгуусун жана анын жалпы ЕврАзЭстин жалпы электр тутумуна интеграциялоону камсыз кылуу зарыл.

Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек.

Коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл.

CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат.

Келечекте Кытай Эл Республикасынын рыногуна чыгууну максат кылабыз.

Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн — кадр маселесин чечүү — биринчи орунга чыгып жатат.

Өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан иштерге, гидроэнергетиканы модернизациялоого байланышкан жаңы талаптарга ылайык, биздин ата-мекендик кадрларды даярдоо зарылдыгы келип чыкты.

Жаңы реформалардын талабына ылайык тармакты башкаруучу адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, гидро куруу, электр берүү, бөлүштүрүү секторлорунда жаңы адистердин муунун тарбиялоо зарыл.

Урматтуу энергетиктер!

Быйыл Кыргызстандын энергетика тармагы өзүнүн 85 жылдык юбилейин белгилейт.

Учурдан пайдаланып, өлкөнүн бардык энергетиктерин бул майрам менен чын пейлимден куттуктайм.

Бүгүн арабызда республиканын энергетикасынын ардагерлери катышып олтурушат.

Урматтуу ардагерлер, Сиздер өзүңүздөрдүн ак ниет эмгегиңиздер менен биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым коштуңуздар.

Стратегиялык маанилүү тармакта жетишкен натыйжалар менен сыймыктанууга толук укугуңуздар бар.

Сиздер кесипкөйлүк жана иш билгилик менен өлкөбүздү жарык жана жылуулук менен камсыз кылдыңыздар.

Биздин өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда дагы бир ардактуу ардагерибиз — Турдакун Усубалиевичти эскерип кетүү абзел.

Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис.

Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Урматтуу энергетиктер!

Сиздердин татаал жана зарыл эмгегиңизер үчүн ыраазычылык билдирем.

Ушул майрам күнү, өлкөбүздүн энергетика тармагын өнүктүрүп, экономикага өз салымын кошуп жаткан жалпы кызматкерлерге рахмат айтам.

Баарыңыздарга ден соолук, бак-таалай, узак өмүр жана ийгиликтерди каалайм.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!»

Пикир

Оставить комментарий